Бүгүн, 26-сентябрдагы парламент жыйынында акыйкатчы шайлоо процесси башталды. ЖКнын жыйынында аталган кызматка 49 талапкер катышып жатканы айтылды жана талапкерлердин баары залга келишти. Учурда шайлоону кандай жол менен өткөрүү тартиби талкууланып жатат.
Эскерте кетсек, Турсунбек Акун июнь айында депутаттык комиссия тарабынан "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна катыштыгы бар деп табылып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган эле. Андан кийин бошогон акыйкатчылык орунга талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталган. Акыйкатчы болом деп 54 жаран арыз берип, кийин айрымдары баш тарткан. Ал эми Турсунбек Акун "акыйкатчы мыйзамсыз бошотулду, акыйкатчы шайлоо да мыйзамсыз өтүп жатат" деп бир нече күндөн бери ачкачылык жарыялап жатат.