Жогорку Кеңеште акыйкатчы шайлоо башталууда. Депутаттар шайлоо боюнча сунуш-пикирлерин айтып жатышат, айрымдар талапкерлер менен таанышалы десе башка депутаттар алардын ар бирине убакыт берүүнүн зарылчылыгы жок деген пикир айтышууда. Депутат Турсунбай Бакир уулу: "Талапкерлер сөзсүз 2 тилди билиши керек. Муну текшерүү үчүн сынак алыш керек болчу, мунун кыйынчылыгы деле жок. Убагында акыйкатчы болом деген талапкер бир барак кат жазып, андан 29 ката чыккан",- деди. Ал
эми добуш берүүнүн тартиби тууралуу Надира Нарматова буларга токтолду: "Шайлоону жумшак рейтинг менен өткөргөнүбүз оң. Акыйкатчы 3 тур менен шайланышы керек".