Биз социалдык тармакта

Депутаттар Чүйдө 10 жылдан бери курулуп бүтпөй жаткан мектепке акча бөлүнбөй жатканын айтышты

Чүй облусунда 10 жылдан бери курулуп бүтпөгөн мектепке дагы эле акча бөлүнө элек. Бул тууралуу ЖКнын 26-сентябрдагы жыйынында депутат Алла Измалкова билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылга карата бюджеттин долбоорунда 2013-жылы башталган курулуштарга гана акча бөлүнөрү жазылган. “Анда курулушка муктаж болуп, бирок 2013-жылдын тизмесине кирбей калган мектептерге каражат бөлүнбөй калабы? Чүй облусунда 2000-жылы башталган мектептердин курулуштары бар. Депутаттар 10 жылдан бери бүтүрүп беребиз деген убадаларын беришүүдө, бирок бүтө элек”,- деди Измалкова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан