Жогорку Кеңеште акыйкатчылыкка талапкерлерге 3 мүнөттөн убакыт берилмей болду

Жогорку Кеңеште акыйкатчы шайлоонун жол-жобосу такталууда. Депутаттар талапкерлерге сөз сүйлөөгө убакыт берүү же бербөөнүн тегерегинде талашып-тартышып, маселе добушка коюлду. Добуш берүүнүн жыйынтыгында ар бир талапкерге сөз сүйлөө үчүн 3 мүнөттөн убакыт берилмей болду. Мындан сырткары алар депутаттардын суроолоруна да жооп беришет.  

Эскерте кетсек, Турсунбек Акун июнь айында депутаттык комиссия тарабынан "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна катыштыгы бар деп табылып, көпчүлүк депутаттардын добушу менен кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулган эле. Андан кийин бошогон акыйкатчылык орунга талапкерлердин документтерин кабыл алуу башталган. Акыйкатчы болом деп 54 жаран арыз берип, кийин айрымдары баш тарткан. Ал эми Турсунбек Акун "акыйкатчы мыйзамсыз бошотулду, акыйкатчы шайлоо да мыйзамсыз өтүп жатат" деп бир нече күндөн бери ачкачылык жарыялап жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан