Ош облусундагы Ноокат райондук көркөм сүрөт жатак-мектебинде Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун 70 жылдыгына карата “Насирдин Исановдун жаркын элеси жүрөгүбүздө” аттуу кароо сынак болуп өттү. Сынакка Ноокат районунун аймагында билим алып жаткан 110 жаш сүрөтчү катышты. Жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар, мындан сырткары Н.Исановдун сүрөтү чегерилген сувенирлер тапшырылды. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү башкармалыгынан билдиришти.