Саясий карьерасы башталганда 1 жаштагы кызы менен аялы каза болгон. АКШнын президенттигине талапкер 77 жаштагы Жо Байден жөнүндө кызыктуу фактылар

АКШнын президенти болуп калуу мүмкүнчүлүгү Трамптыкынан жогору болуп жаткан Жо Байден жөнүндө кызыктуу фактыларды сиздерге тартуулайбыз:

1. Эң жаш сенатор.

1972-жылы 30 жашка чыгаар алдында Делавэр штатынын атынан сенатор болуп шайланган. Мыйзам боюнча сенаторлордун жашы 30 жаштан кем болбошу керек.

2. Келечектин 200 адамынын катарына кошулган

1974-жылы "Time" журналы Байденди келечекти түзө турчу 200 адамдын катарына кошкон. Журнал аны өзүнө ишенген, амбициясы бийик адам катары сыпаттаган.

3. Саясий карьерасы өкүнүчтүү окуядан башталган

1972-жылы Рождество майрамынын алдында Байден жаңы гана сенатор болуп шайланып жаңы жылдан кийин кызматка киришүүгө даярданып жаткан маалда биринчи жубайы Нелия балдары менен авторкырсыкка кабылган. Кырсыктын кесепетине жубайы жана 1 жаштагы кызы каза болгон. Ал эми 2 уулу оор жаракат алышкан. Бир нече жылдан кийин Байден кайрадан үйлөнгөн.

4. Жөнөкөйлүк

Сенатор болуп турган учурунда да Жо Байден жумушка коомдук транспорт менен каттап турган. Ал эми 2007-жылы эң жөнөкөй жана аз каражат тапкан сенатор деп табылган.

5. Алкаголдук ичимдиктерди ичпейт

Байден Дональд Трамптай эле алкоголдук ичимдиктерди ичпейт. Ал бул тууралуу "мени артка тартуучу эч нерсе колдонгум келбейт" деп билдирген.

6. Кекеч

Бала кезинде ал кекеч болгон. Бирок убакыттын өтүшү менен кекечтиги калган. Бул тууралуу ал көптөгөн интервьюларында айтып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан