Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгын сүрөө максатында президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров израилдик жеке чалгындоочу компания менен 1 миллион долларлык келишим түзгөнүн foreignlobby.com сайты жазып чыкты.
Аталган сайт Вашингтон жана башка мамлекеттердин саясатына таасир берүү боюнча аракеттерин ачыктап турат.
Анда 2 жума мурун бийликке келген Кыргыз өкмөтү экономикалык кризистин айынан эл аралык жардам алууга муктаж болуп турганы жазылат.
"Садыр Жапаровдун өкмөтү 30-октябрда Израилдин мурдагы аскер чалгынчысы Ари-Бен-Манеш менен макулдашты. Ага ылайык, Бен-Менаштын Монреалда иш алып барган компания Кыргыз өлкөсүндөгү бийликти АКШ, Израиль, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттарынын арасында сүрөөнгө алат. Түзүлгөн келишимдин алкагында "Dickens&Madson Canada" компаниясы аталган өлкөлөрдүн чечим чыгаруучу мамлекеттик кызматкерлери менен экономикалык кызматташтык, коопсуздук, COVID-19 менен күрөшүүдө жардам алуу боюнча келишимдерге жетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү уюштуруп берет. Ошондой эле фирма Садыр Жапаров АКШнын жана Араб мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү, Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Натаньяху менен жолугушууну уюштуруу аракетин көрөт. Өз кезегинде Кыргыз өлкөсү Араб мамлекеттеринен жолдорду реконструкциялоого инвестиция салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө, Израил менен айыл чарбасына инвестиция салуу боюнча, анын ичинде пахта өндүрүшүн өнүктүрүү жаатында сүйлөшүшү мүмкүн" , - деп жазылат маалыматта.
Аталган сайтка жарыяланган макаланын соңунда Садыр Жапаровдун өмүр баянына кыскача орун берилген.
"Садыр Жапаров 7 жыл мурун "Кумтөрдөгү" болгон окуяда "адамды барымтага" алуу беренеси менен абакка отурган. Өткөн айдагы талаш жараткан шайлоодо эл аны 6-октябрда боштондукка алып чыкты. 14-октябрда премьер-министр, бир күндөн кийин президенттин милдетин аткаруучу болду" , - деп жазылат маалыматта.
Ал эми бул боюнча президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерекке байланышканыбызда, төмөндөгүдөй жооп берди.
"Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгын сүрөөнгө алуу боюнча эч кандай келишимге кол коюлган эмес. Мыйзамда мамлекет жеке тараптардын өз ара келишимдерин көзөмөлдөбөйт. Демек, Садыр Жапаров мындай келишимге кол коюусу мүмкүн эмес. Келишимге кол койгондор Садыр Жапаровдун атына жамынышы мүмкүн. Бул шайлоо алдындагы каралоо акциясы болушу мүмкүн. Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчынын бул документтерге эч кандай тиешеси жок" , - дейт маалымат катчы.