Президенттик кызматка өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары БШКга арыз таштагандардын саны 8ге жетти. Тагыраагы, шайлоого катышуу үчүн бүгүн, 5-ноябрда пенсионер Абдыкаар Сыдыков БШКга арыз тапшырды. Мындай маалымат БШК тарабынан белгилүү болду.
Буга чейин Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай), Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, Канат Исаев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арызын калтырган.
Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Ага катышуу үчүн жарандар партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүү аркылуу талапкерлигин койсо болот.