Бүгүн, 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына мурдагы Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кочкоров Улукбек Тойчубаевич, 1974-жылы 24-июнда төрөлгөн. Убактылуу иштебейт.
Улукбек Кочкоров менен президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз жазгандардын тизмеси 56га жетти. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.