"Ысык-Көл облусунун төрөт үйлөрүндө кош бойлуу аялдарга жасалган мамиле төмөнкү деңгээлде",- деп билдирет Адам ресурстарынын репродукциясы жана үй-бүлөнү пландаштыруу борборунун жетекчиси Салтанат Акунова. Айтымында, ушул айда эле Балыкчы шаарындагы төрөт үйүндө төрөт кабыл алчу врачтын жоктугунан кош бойлуу аял өз алдынча төрөп, бирок эсин жоготуп койгон. Анын учурдагы абалы дагы эле оор экенин айтат Акунова.