Садыр Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аскар Мамин Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалаган.

"Ал эми Кыргыз элине туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалап кетти. Андан соң өкмөт башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулады. Тараптар келечекте эки өлкө аралык өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча биргелешкен пландарды белгилешти. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, жакшы коңшулаш мамиленин чыңдалышына ишеним билдирди", - дешти өкмөттөн.

Белгилей кетсек, телефондук сүйлөшүүлөр жылуу, достук маанайда өтүп, эки өлкө ортосундагы бардык маселелер өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилери макулдашылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан