Жогорку Кеңештин тармактык комитети мектеп формасы жана хиджаб кийген окуучулардын маселесин карайт. Мындай тапшырманы төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын 26-сентябрдагы жыйынында айтты. Депутат Гүласал Садырбаева өз сөзүндө мектептерде форма жана хиджаб маселеси боюнча талаш-тартыш жүрүп жатканын, муну тез арада чечүү керектигин айтышты.
Парламенттин тийиштүү комитетине жарандык коомдун катышуусу менен маселени талкуулоо боюнча тапшырма берилди.