Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева неберелүү болду. Бул тууралуу ырчы инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты.
"Темирланым кыздуу болду. Кубанычыбызда чек жок. Өмүрлүү бактылуу периште болсун", - деп жазган ырчы.
2019-жылы ырчынын тун уулу Темирлан үйлөнгөн.