9-ноябрга караган түн, саат 02:30дан өттү. Бишкектеги "Орто-Сай" базарынын тегерегинде түн ортосу экенине карабастан эл көп. Басымдуу бөлүгү аталган базарда иштеген соодагерлер. Алар базарда өрт чыккандан улам товарларынан санаа тартып келишкен.
Өрт түнкү саат 12ден өткөндө чыкканын ӨКМ маалымдаган болчу. Аны өчүрүүгө алгач 3 бригада тартылса, кийин дагы экөө кошулду. Тилсиз жоо орун алган аймакты өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары өз көзөмөлүнө алды, мындан тышкары ИИМдин кызматкерлери да ал аймакты курчоого алууга тартылышкан. Журналисттерди кырсык орун алган аймакка киргизишкен жок, сырттан караганда өрт базардын орто ченинен чыккандай. ӨКМ саат 02:16да өрт курчоого алынганын билдирген. Учурда мында өрт өчүрүү иштери уланууда.