Экс-министр Марат Кайыпов "чек арага жакын аймактагы жашоочуларга курал таратып" берели дейт

Мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов ЖКнын 26-сентябрдагы жыйынында чек арага жакын аймактагы жашоочуларга курал таратып берүү сунушун айтты. “Баткенде Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык Бакыт Тагаевди атып өлтүрүштү. Бул окуя боюнча эч ким жазага тартылган жок. Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президентине чалып, өз чек арачыларыңды тыйып кой дей алдыбы? Анткен жок. Эми Аксы районунда өзбек чек арачылары биздин телевышканы басып алганы айтылууда. Жашоочулар өз коопсуздугу үчүн өздөрү жооп бере турган болуп калды, ал үчүн аларга өлкө жетекчиси курал таратып берсин",- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан