Бүгүн, 10-ноябрда Орусиянын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы кеңеши өтүп жатат. Жыйында Орусия президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсүнө узак убакыт туруктуулук каалады.
"Кыргыз өлкөсүнө узак мөөнөттүү туруктуулук жана өлкө экономикасынын гүлдөп өсүшүн каалайбыз", - деди Путин.
ШКУнун кеңешине президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров катышууда.
Бүгүнкү күндө уюмдун мүчөлөрү — Кыргыз мамлекети, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан.