Аcылбек Жээнбеков: “Акыйкатчы ким болору алдын-ала чечилип калган деген сөз жалган”

Жогорку Кеңештин 26-сентябрдагы жыйынында КР Акыйкатчысы кызматына талапкерлердин жеке программалары угулду. Жыйында депутат Алтынбек Сулайманов: “акыйкатчыны шайлоо тартиби боюнча комитеттин токтому өтпөй калса кайра-кайра добушка коюлууда. Башка депутаттардын сунушуна эске деле алынбай жатат. Акыйкатчы боло турган адам ким болору алдын ала чечилип калганы байкалууда, ачык эле айткыла бул адамды акыйкатчы кылып шайлашыбыз керек деп”,- деген сын айтып чыкты. Бул пикирди Ахматбек Келдибеков да колдой турганын билдирди. Мындай сындарга төрага Асылбек Жээнбеков жооп узатты.

“Акыйкатчы ким болору алдын ала чечилип калган дегендерге кошулбайм. Мыйзам чегинде өзүбүз шайлайбыз. Акыйкатчыны шайлоо маселеси бир айдан бери парламенттин тармактык комитеттери менен фракция жыйындарында кеңейтилген форматта талкууланып, талапкерлердин программалары менен таанышууга кеңири убакыт берилди. Убакыт тар болуп калды дегендерге кошулбайм”,- деди төрага.  

Айта кетсек, көпчүлүк депутаттардын добушу менен акыйкатчы шайлоо 2-октябрга белгиленди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан