Биз социалдык тармакта

"Тажрыйбасы жок шоопур башкы инженер боло албайт". "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери кайрадан митингге чыгышты

Бүгүн, 11-ноярда "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдына кайрадан митингге чыгышты. Буга себеп алардын буга чейинки талаптары аткарылбай жатканында. Бул тууралуу митингдин катышуучусу, аталган ишкананын кызматкери Динара аттуу айым билдирип, талаптары аткарылбаганына нааразы болду.


Митингдин катышуучулары "Түндүк электр" ишкананын мурунку жетекчиси Доскул Бекмурзаевди кайрадан жумуш ордуна келүүсүн талап кылышып, "Тажрыйбасы жок шоопур башкы инженер боло албайт", "Доскул Бекмурзаев татыктуу жетекчи" деген сыяктуу сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп турушат.

Буга чейин "Түндүк электр" иш канасынын жетекчиси Доскул Бекмурзаев кызматынан алынып, анын ордуна жаңы жетекчи болуп Улан Астаркулов дайындалган. Андан кийин аталган ишкананын 300гө чукул кызматкери 30-октябрда жумушка чыкпай, нааразычылык акциясын өткөрүшүп, алардын маселесин коммисия карай турганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asel69
2020-11-11 13:28:55
Садыр Жапаров туура эмес кылып жатат. Кадрлар жалан гана тостордун, тааныштардын, революцияда кыйкырып жургон адамдардан тузулуп жатат. Кадрлар онолбосо мамлекет онолбойт. Мыйзам иштебейт, толпанын мыйзамы иштеп жатат
0
Jacob.
2020-11-11 13:54:30
Asel69, Садыр Жапаровтун атын жамынып сенин Аша атана окшогондор кылып жатат! Атан экөөңөр эптеп эле элдин башын айландырып, элди экиге бөлүп жармай..
-1
alym21
2020-11-11 14:15:57
Asel69,Асел айым саясатка отконбу)))кыздардын чачын жайдыра албай убара элениз,чачты койо берип жургуло деп.Чымчыкты сойсо да,касапчы сойсун деген жакшыы соз бар элибизде.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан