Кресло талаш “Түндүк электр” ишканасына жетти. Энергетиктердин талабын комиссия карайт

"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери бүгүн, 30-октябрда "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Бирок алардын талабына эч ким жооп бербегендиктен, митинг эски аянттагы өкмөт үйүнүн алдында уланды.

Митингдин катышуучуларынын айтымында, алар мурунку жетекчиси Доскул Бекмурзаевдин иштен алынып, ордуна жаңы жетекчи Улан Астаркуловдун дайындалышына нааразы болуп чыгышкан.

Биз күбө болгондой, митингге 100гө чукул адам катышты, буга чейин электриктердин нааразычылык акциясына чыккан учур каттала элек болчу. Ал эми аталган ишкананын 300гө чукул кызматкери бүгүн, 30-октябрда жумушка чыккан эмес. Анын себебин алар жетекчи алмашканы менен түшүндүрүштү.

Акциянын катышуучулары башкы директорду алмаштырууда мыйзам бузулганын да айтып өтүштү. Алар билдиргендей, Бекмурзаев иштен кетүү тууралуу арыз жазган эмес жана ага карабай жаңы жетекчи 27-октябрда кызматка дайындалган.

Бир топ убакыт өтүп топтолгондордун алдына өкмөт аппаратындагы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы Маратбек Чолпонкулов чыгып жооп берди.

Ал талапка байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, утурумдук жетекчиликке өздөрүнүн ичинен убактылуу бирөө дайындала тургандыгын айтты.

"Өкмөт акцияга катышкан адамдардын үнүн угуш керек. Анткени ушунча эл бекер чогулган жок. Албетте, мекемеге жетекчи дайындоодо маселе болгон, булар ошондон улам нааразы болушууда. Мурунку чечимдер кандай болгондугу тууралуу комиссия түзүлүп жатат, түзүлгөн комиссиялык топ бул иштин мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин карашат. Коми́ссиянын чечимисиз башка кеп айта албайм, жетекчи мыйзамдуу жол менен келиши керек. Маселе дүйшөмбүгө чейин чечилет", - деди Чолпонкулов.

27-октябрда “Түндүк электр” ААКнын Директорлор кеңешинин чечими менен Доскул Бекмурзаев ишкананын башкы директору кызматынан бошотулганын “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкан.
Ошол эле кеңештин чечими менен башкы директорлук кызматка Улан Астаркулов дайындалганы маалымдалган.
“Түндүк электр” ишканасы Чүй, Талас облустарын жана Бишкек шаарын электр энергиясы менен камсыз кылуучу ири ишкана.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан