Борбордук шайлоо комиссиясы 26-сентябрда кабыл алган чечимге ылайык, 14-октябрда Оштогу Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо өтөт. Айта кетсек, Кара-Суу шаардык кеңешине кайрадан шайлоо 18-августта өткөн. Ага чейинки шаардык кеңеш шаар башчысын шайлай албаганына байланыштуу таратылган эле. Ушул эле күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өтөт.