№47 абакта соттолгондор жерге дасторкон жайып отурушкан видео интернетке тарады.
Тасмадан жерге дасторкон жайылып, анда соттолгондор тамак ичип жатканын, ошондой эле столдо кримтөбөл Камчы Көлбаевдин отурганын көрүүгө болот.
Бул отурушта белгисиз соттолуучу орусиялык ырчы Алла Пугачеванын "Миллион алых роз" ырын ырдап жатканы тартылган.
Камчы Көлбаев 22-октябрда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ага карата "кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ал эми 2-ноябрда №47 абакка которулган.