Бүгүн, 27-сентябрь Камчыбек Ташиевдин туулган күнү

Бүгүн, 27-сентябрь Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин туулган күнү, ал 45 жашка толду. Дарегине канчалык жакшы-жаман пикирлер айтылбасын, жасаган иштеринен сырткары Ташиев өзгөчө эки жоругу менен элдин эсинде калары талашсыз. Биринчиси - 2010-жылдагы Ош, Жалал-Абаддагы Июнь окуясы учурунда октон коркпой, кан жутуп карайлап турган кыргыздардын арасында жүргөнү. Анын ал кездеги эрдиги азыркы күнгө чейин карапайым элдин арасында айтылып жүрөт. Экинчиси 2012-жылдын 3-октябрында Ак үйдүн тосмосун ашып түшөм деп айыпталып, жыйынтыгында депутаттык мандатынан айрылганы. Экс-депутат соттук отурумдардын аягына чейин күнөөсүз экенин айтып, “Кумтөр” маселесин көтөрүп чыгып бийликтин курмандыгына айланганын билдирип келди. Кимдин ким экенине мезгил баа бере турганы чындык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан