super.kg logo

Чыныбай Турсунбековдун кызы: "Пандемияда унаасын 2 ампула дарыга алмаштырган учур болду"

 
Чиновниктер өздөрү жасаган же тескерисинче жасабаган иштери үчүн жоопкерчилик тартарын сезмейинче өлкөдө эч нерсе өзгөрбөйт. Мындай пикирин Чыныбай Турсунбековдун кызы Айдай Турсунбекова кечээ, 10-ноябрдагы мэриянын коронавирус пандемиясына карата даярдыктары боюнча өткөн жыйынында билдирди.

Анда Айдай Турсунбекова пандемия маалында жакындарын жоготкон адамдардын атынан сүйлөп жатканын айтып, коронавируска байланыштуу 4 негизги маанилүү учурду белгилеген.

"Биз жакындарыбызды кайтара албайбыз. Бирок биз өткөн тозоктон силердин өтүшүңөрдү каалабайбыз. Коронавирустан улам жакындарын жоготкон адамдардын көбү бүгүнкү күнгө чейин депрессияда жүрүшөт, айрымдары психотерапевттин жардамына муктаж. Ошондой эле көбү үй-бүлөсүн баккан жалгыз адамын жоготуп, учурда жашоо үчүн күрөшүп жатышат. Бизде суроолор дагы деле абдан көп. Эмнеге ооруканалар даяр эмес болду? Эмнеге медициналык персонал даяр эмес болду? Эмнеге дары-дармектер жок болду? Болсо дагы 3 эсе кымбат сатылды? Бул жерден төрт маанилүү учурду белгилегим келет.

Биринчиден, бул медициналык персоналды окутуу, пандемияга даярдоо маселеси. Биз аларды даярдыктан өткөрүү сапатсыз болгон деп эсептейбиз. Мисалга алсак, протокол №3 137 беттен турса, протокол №4 177 беттен турган. Силер ар бир дарыгер чынында эле ал протоколдорду толук окуп, түшүндү деп кепилдик бере аласыңарбы? Биз күмөн санайбыз. Бизде ар бир дарыгер алына жараша, ар кандай ыкма менен дарылады. Көп учурда протоколдо корсөтүлгөн сунуштамалар аткарылбай жатты.

Эмнеге дарыгерлер үчүн ошол протолколдордун керектүү жерлеринен шпаргалка даярдалган жок. Эмне себептен Орусиянын тажрыйбасын албайбыз. Ал жакта ар бир дарыгерди 36 саат окутуп, тест тапшыртат. Анан сертификат берет. Сертификат алгандарга гана коронавирус менен жабыркап жаткан бейтаптарды караганга уруксат берилет. Тесттен өтпөгөндөр кайрадан окууга жөнөтүлөт.

Экинчиден, дары-дармектер, баарыбыз жайында алар жетишсиз болгонун жакшы билебиз. Биз ошондой эле дары-дармектердин баасына карата өтө катуу көзөмөл жүргүзүлүшүн талап кылабыз. Бизде фармакологиялык компаниялар жеңилдетилген салык төлөшөт. Анда эмнеге Кыргыз өлкөсүндө дарынын баасы Европага караганда кымбат турат.

Мен жеке мисалымды айта кетейин, мага атама керектүү дары-дармектердин узун тизмесин беришти. Арасынан Мопсимум деген дарынын бир флаконун дарыканадан 16 миң сомго сатып алдым. Бирок анын өз баасы 700 сом болчу. Макул биздин үй-бүлө кымбат дарыны алганга мүмкүнчүлүгү болду. А башка маянасы 10 миң, 12 миң болгон адамдар эмне кылышы керек эле? Алардын жакындары бул кымбат дарыларды сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок болгону үчүн каза табыш керек беле? Эмнеге биздин өкмөт биздин фармакологиялык компанияларга өз жарандарынын кайгысынан баюуга жол берди.
Мен Ырыс аттуу жарандын мисалын келтирейин. Ал унаасын 2 ампула дарыга алмашкан. Дагы бир 19 жаштагы бала пандемия учурунда бет каптарды жана жеке коргонуучу каражаттарды сатып жакшы акча жасадым деп мактанганына күбө болдум.

Үчүнчүдөн, кызыл зоналарда кардиологдор, иммунологдор, инфекционисттер, пульмонологдор сыяктуу профилдүү дарыгерлер жетишпей жатты. Дагы жеке мисал келтирейин. Менин атам өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратта 7 сутка жатты. 3 суткада ага операция жасоого туура келди. Ал операцияны жасай алган адам жеке клиникада иштейт экен. Бизге ал дарыгердин телефонун берип "ушуга чалып операция жасап бер деп көндүргүлө" дешти. Демек, саламаттыкты сактоонун жүзү болгон Улуттук госпиталда мындай керектүү адистер жок экен да.

Төртүнчүдөн, биз жакындарын жоготкондор пандемияга даярдыкка жооп берген жетекчилер жоопко тартылышын талап кылабыз. Марттан баштап карантинде отурганда аларда убакыт болду, финансылык ресурс болду. Алар ооруканаларды, медициналык персоналдарды даярдап, дары-дармектерди сатып алыш керек болчу. Ар бир мамлекеттик ооруканада компьютердик томография уюштуруу керек эле. "Тез жардам" кызматын толугу менен камсыз кылыш керек эле. Бирок факт түрүндө булардын бири дагы жасалган эмес.

Ишенип койгула эртең дагы жайындагыдай көрүнүш кайталанат. Ошондо биз гана эмес, силер дагы ыйлап калышыңар мүмкүн", - деген Айдай Турсунбекова.


кошулду





Чыныбай Турсунбековдун кызы: "Пандемияга даярдыктар жакшы болбосо, биз гана эмес, силер дагы ыйлап калышыңар мүмкүн"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(16)
11.11.2020. 22:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
01-09-2011
Соӊку аракети:
22-01-2021 17:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+18
Чындыкты айтыптыр...
11.11.2020. 22:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-07-2018
Соӊку аракети:
22-01-2021 16:52
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эн туура айтылган соз. Биз да уй булобуздун багуучусу -атабыздан айрылдык, аны кайра кайрый албайбыз, бирок мындай жамандык эртен эле бироонун башында турбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
11.11.2020. 22:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
25-07-2018
Соӊку аракети:
22-01-2021 16:52
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ошондуктан, ошол учурда пандемияга карата даярдыкка жооптуу болгон чиновниктер жооп бериши керек.
11.11.2020. 22:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
19-12-2020 12:45
Жынысы:
Белгисиз
+20
Атасынын арты кайрылуу болсун. Бирок атасы дагы омур бою бийликте иштеген.
11.11.2020. 23:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
02-12-2018
Соӊку аракети:
22-01-2021 16:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+19
Бирок мамлекеттин ушундай абалга келишине, атасынында салымы чонда. Ошону да эске алса болмок
12.11.2020. 00:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
427
Катталган:
07-02-2015
Соӊку аракети:
22-01-2021 17:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кемпиримдин журогу
+16
Атаң да ошол эл унга жетпей кыйналып жаткан учурда АКУН ун комбинатын болбогон шылтоо менен токтотуп койду эле.
12.11.2020. 01:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
05-11-2019
Соӊку аракети:
22-01-2021 17:27
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн туура талап койгон фармакологиялык компаниялар элдин кайгысынан акча жасап байып алышты.акыретте жооп берерин ойлошподу.дарынын чыныгы баасын эч ким билбейт айткан суммасын берип аласын айла жок же текшерип жонго салган бийлик жок
12.11.2020. 07:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
21-01-2021 21:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+8
Ошол кундордо баламды двух стр пин.деген диогоноз менен боль жаткыралбай кыйналдк.Места жок айткандары ошо уялбай биз оорлорду алабыз сиздики басып журот го дегенде куйдум го.Балам кундон кунго деми кыстыгып оор дем алып туну кыйналып чыгып атты.Акыры уйдо карадык капельница жасаган адам таппай 3 кунго 1000 сом берип куйдурдук даарылары асмандын башы ошондо кайран кана кыргыз элим кырыла турган кези келген экен да дедим ..Жегенге эчтекебиз жок деп кобу ыйлап аткан кез анан даарыга кайдан табат
12.11.2020. 07:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
21-01-2021 21:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+7
Аптиекага барсан баасы асмандын башы ушунчалык которулуп кеткен бирок айлан жок аласын да...
Бизде закон иштебейт,теледен даарыларга коз салып атабыз текшерип атабыз,бекер даарылап атабыз дешип кундо ырдашат.Бекер дегени менен больницага албаса айтканы бекер да же амблоторныйларга даары дармек бербесе баягы эле карапайым эл кыйналды...
Аллахым колдодубу,кыргыз элим кыйынчылыктан чыгып кеттик,Ичкенибиз чеснок,лимон,ысырык болуп уканыбызды жасап,уйдон чыкпай бала чака болуп тыгылып кар
12.11.2020. 07:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
21-01-2021 21:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
+6
Бул кыздын айткандары туура эле..Ким чындыкты айтса эле баса калып талап кетебиз.Бул кыз атам кандай эле деп сураган жок,кыргыз элинин унун чондорго жеткирейин,эл кыйналбасын,эл кырылбасын деп айтып атат...
Азыр эмне адам олбой атабы...
Кундо караганыбыз жанылык куну куру эмес 5-4 тон олум болуп атпат,кимдердин шору катып атат,кимдер кан какшап атат....
Канча бала жетим калып атат,канча эненин коз жашы агып атат...
12.11.2020. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
05-09-2013
Соӊку аракети:
22-01-2021 14:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамга когда кыйынчылык келгенде баары эсибизге келет экен, ошого заранее иштейли, запас топтойлу тытыналы, всегда ойлош керек черный деньди, өкмөткө миллион жолу сайрасанар дагы толк чыкпайт, лучше өзүбүз эле аракет кылалы, биздикилер билип туруп кайра сурай беришет, иштейличи, пока күч кубат баарында, уят иш болсо деле, азыр эч ким эч кимге жардам бербейт, баары өзүбүздөн зависет этет, ошол аптекаларды и чоңдорду да өзүбүз акчага сатылып койгонбуз, бул жакта вина өзүбүздө да бар.
12.11.2020. 12:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
424
Катталган:
05-01-2016
Соӊку аракети:
22-01-2021 14:06
Жынысы:
Белгисиз
+2
Түштөн кийин ар кайсыны айтуунун кажети жок атаң ошол сен айткан жолго түртүп кетпедиби канча жолу депутат болду сенин келечегиңди ойлосо андай болбойт эле
12.11.2020. 19:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
02-12-2020 11:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Makain,өлкөнү бир эле адам оңдоп кетчү абалда эмеспиз.Ар бир адамда жакшы да жаман да сапаттар бар. Макул бир адам оңдосун бирок анын чөйрөсү да таза болуш керек.
12.11.2020. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
17-04-2018
Соӊку аракети:
22-01-2021 16:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
орусча сагызгандай сайрайбыз, эне тилибиз жетимсиреп турат
13.11.2020. 08:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
17-08-2017
Соӊку аракети:
17-12-2020 20:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кыздын айтканына кошулам, мен Баткен ооруканасында апамды 14 кун кызыл аймакта карап жаттым, оз козум менен коргон 10 киши олду, мен корбогон тун ичинде олгондор канча Баткен ооруканасы адамдарды даарылабай кырып жатат оорукананын даярдыгы жок свет очкондон стабильный жаткан 3 адам жок жерден олуп кетти врачтар концентратор иштеткенди билбеген, давления олчогонду билбеген мал врачтарды киргизип койгон алар компенсация алса болду.
13.11.2020. 08:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
17-08-2017
Соӊку аракети:
17-12-2020 20:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Апам пневмониядан эмес бойрогу отказ берип коз жумду эмне учун врачтар 14 кун ичинде анализ алып кошумча ооруларын даарылаган жок бул врачтардын сабатсыздыгыдан врачтарга заара кыла албай жатат десем жакшы элего деп чара коро албадылар. Супер жокортко жеткиргиле Баткен ооруканасына тажырыйбалуу врачтарды койбосо Баткен элин кырып бутот булар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
159664;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: