"Көлбаевди абакта кантип тосуп алышты" деген видео боюнча ЖАМК билдирүү таратты

Бүгүн, 11-ноябрда социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында №47 колониянын аймагындагы футболдук аянтчада мөөнөтүн өтөп жаткандар тергөө астындагы Камчы Көлбаевдин келишин белгилеп жаткандагы видео тараган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аталган видео 2020-жылдын 5-ноябрында тартылганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

"Бул күнү түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан планга ылайык, спорттук иш-чаралар уюштурулган. Ошондой эле түшкү тамактануу катары дасторкон даярдалган. Анда спорттук иш-чаранын жыйынтыктары жүргүзүлүп, "Бабаларды эскерүү күнүнө" карата куран окутулган. Аталган факты боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анда 10 жылга эркинен ажыратылган соттолуучу А.Н.га тиешелүү уюлдук телефон табылган. Ал видеого тартканы үчүн 1 айга камерага киргизилген. Мындан тышкары уюлдук телефонду колдонууга жана алып жүрүүгө жол берген кызматкерлерге карата ЖАМКнын ички текшерүүсү башталды", - деп жазылат маалыматта.

Мурдагы Билим берүү министри Каныбек Исаков каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazarnew
2020-11-11 20:44:03
Блин ошол паразиттерди кырып салбайсынарбы, булардын пайдасы да жок, черный криминал аттуунун баары.
+10
Aimani
2020-11-12 00:08:07
Ой жомок айтып атышат
+3
miki87
2020-11-12 00:46:50
Бул паразитер чондорго зыян бербесе болду деп эле жашашат. Карапайым элге эле тиет зыяны
+1
Chungyz
2020-11-12 06:59:43
Озгорунуу реформаны башкы мыйзамадан эмес турмодон башташ керек окшойт ошол жакты бир тартип жолго салып
0
KaGaH
2020-11-12 07:46:01
зонада ар бир блатнойдо смартфон бар,черный закон
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан