Бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат тынымсыз Манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылат.
Иш-чара борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында орун алып, анда Дөөлөт Сыдыков айнек боз үйдө Манас айтуусун баштайын деп турат.
Уюштуруучу Элнура Кулуева манасчы суу, тамак ичпей, ажатканага барбай Манас айтат дейт.
"Бүгүн тарыхый күн. Бул өнөр бир эле бизде болгондуктан "Гиннесстин рекорддор китебине" Манас айтууну каттаталы деп турабыз.
Манасчыбыз 12 саат же 24 саат айтабы, бул касиеттен. Дөөлөт Сыдыков суу, тамак ичпей, ажатканага да барбай Манас айтат", - деди ал.