Бүгүн, 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров медиа өкүлдөрү үчүн жыйын өткөрсө, манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат бою тынымсыз манас айтып "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү аракетин көрүп жатат. Ал эми шоу-бизнес тармагында кандай кептер болуп жатат?
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкаянын апасын 1-октябрда милиция кызматкери унаасы менен сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, ага баш мээсинин чайкалышы диагнозу коюлган. Аталган факты 155-берененин негизинде катталган.
Ырчы бүгүнкү күнгө карата апасынын абалы жакшы экенин, анын колуна коюлган гипс алынганын айтат.
"Апам экөөбүздүн чогуу түшкөн ар кандай сүрөттөрүбүз болгон. Бирок гипс менен эч качан сүрөт болгон эмес. Биз бардык кыйынчылыктарды жылмаюу менен жеңерибиздин символу катары бул сүрөтүбүз ушул жерде калсын. Апамдын колундагы гипсти алышты. Алдыда ден соолугун калыбына келтирүү бар, жамандын баары артта калды. Кудай буюруп, жакынкы күндөрү кайрадан фортепианодо ойноп каласыз.
Кыйын учурда бизге колдоо көрсөткөнүңүздөргө рахмат", - деген билдирүүсүн ырчы социалдык тармактагы баракчасына калтырган.
Буга чейин Инстаграмдагы баракчасынын ишин токтоторун айткан ырчы Анжелика жеке жашоосу тууралуу үн катты. Анда ал ар бир айдын 12-датасында гүл аларын, өздөрүнүн тарыхы үчүн сүрөткө түшөрүн жазган.
"Сен менден, мен сенден коркобуз... 42 айдан бери миллиондон ашуун роза гүлдөрүн тартууладың, 16 жылдан бери мени тааныйсың. Чыныгы эгоисттердей өзүбүз менен өзүбүз жашайбыз... Сен көз күйдүргөн бойдок, а мен эркин куштаймын. Бири-бирибиз менен көрүшпөйбүз дагы деле. Мына сага романтика", - деген билдирүүсүндө.
Ырчы Өктөм Сапар уулунун апасы пневмония илдетинен айыгып чыкты. Ал апасы 23 күн бою оору менен алышканын айтат.
Ырчынын ата-энеси Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Дөбө айылында турушат.