Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды (фото)

Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Көзөмөлдөө органдарындагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун прокуратурасындагы “системалуу коррупция” тууралуу маалымат келип түшкөн.

Мекеменин маалыматына ылайык, текшерүү учурунда мекеменин жетекчилиги карамагындагы тергөө башкармалыктары менен сүйлөшүп алып, кылмыш иши боюнча тигил же бул чечимди кабыл алуу үчүн акча талап кылып жүргөнү белгилүү болгон.

"Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси "Пара алуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 11-ноябрь күнү Аламүдүн районунун прокурору С.Э.А жана анын орун басары М.А.С кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Мурдагы Билим берүү министри Каныбек Исаков каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
take_83
2020-11-12 12:16:19
Канча алганын деле айтып койгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан