Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков каза болду. Маалыматты SUPER.KG порталына маркумдун жакындары тастыкташты.
Маалым болгондой, экс-министр пневмония дартынан улам каза болгон. Мындан сырткары ал кант диабети менен дагы жабыркап жүргөн.
Каныбек Исаков Ош мамлекеттик университетинин ректору, Кыргыз Республикасынын билим берүү министри кызматтарын аркалаган.
Ал 51 жашта болчу.
Филология илимдеринин доктору, профессор Каныбек Исаков - 1969-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Кызыл-Тейит айылында туулган. 1987-жылы Ош мамлекеттик университетине окууга тапшырып, 1993-жылы артыкчылык менен аяктаган.
Эмгек жолу:
1993-жылы Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинин тил таануу кафедрасында окутуучу болуп эмгек жолун баштаган.
1995-жылы “Нур” гезитинин башкы редактору болуп дайындалган.
1997-жылы Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары болуп иштеген.
1998-жылы Ош МУнун тарбия иштери боюнча ректордун жардамчысы кызматына дайындалган.
2000-жылы Ош МУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректорлук кызматында иштей баштаган.
2005-жылы Ош МУнун мамлекеттик тил боюнча проректору болуп дайындалган.
2006-жылы Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору болуп дайындалган.
2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматына дайындалган.
2019-жылы Жогорку Кеңеш аны билим берүү жана илим министри кызматына талапкерлигин жактырып, 2020-жылы октябрь айында кызматынан алынган.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Каныбек Исаковдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланышутуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.