Бүгүн, 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков узак убакыт бою тынбай манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылууда.
Ага ылайык, манасчыны бир катар өнөр адамдары колдоп келишти.
Алардын катарында актриса Альбина Имашова, Назира Мамбетова, манасчылар Рысбай Исаков, Ширин Сарыгулова, Азиз Баймырза уулу, ошондой эле спортчу, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев, жаш акын Садырбек Турдубек уулу өңдүү бир катар белгилүү инсандар келишти.
Ал эми аталган иш-чарага келген ырчылар да арбын. Алардын катарында Самара Каримова, Гүлнур Асанова, Үмүтай Абдышова, Сыймык Бейшекеев жана башка бир катар белгилүү ырчылар келип, колдоолорун көрсөтүшүүдө.
Ошондой эле уюштуруучулук жаатына да кол кабыш кылып жүргөн алып баруучу Нурдөөлөт Копоев, "Сармердендин" эрке баласы Талант Карагулов өңдүү бир катар өнөр адамдары жүрүшөт.
"Аянтка келип баарыбыз толкунданып турабыз. Көздөн жаш чыгып, ушунчалык сыймыктанып жатабыз", - деп кубангандарын өз баракчаларына жарыялашкан.
Белгилей кетсек, аталган иш-чара Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында орун алып, анда Дөөлөт Сыдыков айнек боз үйдө Манас айтууда.