Кореяда эмгектенип жаткан кыргыз жигити: "Мамлекеттик жумушка керек болсо бекер иштегенге даярмын" (маек)

Өлкөбүздө тышкы миграция күч алган кезде дүйнөнүн ар кайсы бурчунда эмгектенип жүргөн мекендештерибизди кезиктирүүгө болот. Алар тапкан каражаты менен жеке үй-бүлөсүнүн гана эмес, өлкөнүн да экономикалык абалын алдыга сүйрөп келишүүдө. Чет өлкөдө жүргөн мекендештерибиз окуп, иштеп, бир топ ийгиликтерди жаратып, чет өлкөлүктөргө кыргыз улутун таанытып келе жатышат. SUPER.KG порталы Түштүк Кореяда эмгектенип жаткан Жахангир Тажидиновдон маек алды.
Тажидинов 1995-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун 1-Май айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Учурда Кореянын Сеул шаарында эмгектенип жатат.

- Алгач өзүңүз тууралуу айтсаңыз. Кайсы шаардасыз? Эмне менен алексиз?

- Кореяга 2018-жылдын март айында келгем. Сеул шаарында "Дохан шикпум" деген тиричилик буюмдары жана азык-түүлүк сатылуучу гипермаркетте үч жылдан бери эмгектенип келем. Менин аткарган жумушум бир аптада үч күн гипермаркетке жалпы канча товар келет, анын канчасы сатылды ошолорду компьютерден эсептеп, отчет тапшыруу. Калган күндөрү мигранттар иштеген бөлүм бар, ошол жакта келген товарларды тизип, ирээттеп, жайгаштырып иштейм. Андан тышкары өзүмдүн жеке ишкердигим да бар. Кореядан Кыргыз өлкөсүнө унааларды жөнөтүп, аларды сатуу менен алекмин .

- Айтсаңыз Кореяга кандай себептер менен барып калдыңыз. Кыйынчылыктар болду беле?

- Эң биринчиден финансылык жактан кыйынчылыктар себеп болду десем болот. Себеби жогорку окуу жайды аяктап, кесибим менен иштеп жүргөнүмдө кыйынчылыктар башталган. Алгач айлыгым жашаганыма да жетпей, унаама бензин куйганга ата-энемден жардам сурап калган күндөрүм да болду. Кесибимди канчалык жакшы көрбөйүн баары бир мен ал жактан карьерамды түптөп, өсүп кетериме көзүм жетпегендиктен чет өлкөгө кетүүнү максат койдум. Ошентип Кореяга кетүүнү чечип, тил үйрөнүп, аракеттенип баштадым. Алгач үч ай корей тилин окуп экзамен тапшырдым. 2017-жылы жалпы үч миң студенттин ичинен 350гө жакыны өтүп, жумушка келишим түзүп, иштеп кеткендер 150дөй болду. Жалпы алты ай даярдык көрдүм. Бул жакка келгенде да албетте кыйынчылыктар болду. Алгач Инчон деген шаарга 15 бала келдик. Ал жактан да кошумча тил үйрөнүп, практика жүргүзгөндөн кийин, биз келишим түзгөн фирмаларга тараганбыз. Иштин башталышында бир айдай фирмага келген жүктөрдү түшүрүп, товарларды тизип, кандай жумуш берилсе ошонун баарын жасап жүрдүк. Көп өтпөй англис, орус тилин билгендигим үчүн мени чет өлкөлүктөр келчү бөлүмгө которушту. Ошол жакта иштеп баштадым. Бирок көпкө созулган жок. Үч айдан кийин эле сагынуу, куса болуу деген сезимдер башталды. Тогуз айдан кийин Кыргыз өлкөсүнө кетем деген чечимге келдим. Алдыда сегиз ай бар. Убакыт өтпөйт, алты ай калды менин дээрлик баштыгым даяр. Үч ай калганда учканга даяр болуп калдым. Эки ай калганда уктабай калгам...Кеткенге уруксат беришпесе да эч нерсеге карабай учуп кеттим. Кайра бир айдан кийин келдим. Учурда баары жакшы.

- Кореянын биз биле элек жактарын кеп кылсак. Кандай таасир алып жатасыз?

- Эң эле биринчи келгенде илим-техникасы аябай өнүккөнүн байкагам. Бүгүнкү күндө да өнүгүүнүн жолунда. Баарыбызга маалым болгондой эле өрнөк алчу жактары көп. Эки жылдан бери унаада жүрөм бир да жолу полиция токтотуп, текшерген жок. Эгер эрежелерди бузган болсом, мага смс келет, ошонун негизинде көйгөйлөрдү да жеңил чечип алам. Бир эле мисал айтайын, транспорт жагы эң жогорку деңгээлде. Кореянын бир бурчунан экинчи бурчуна барууга биздегидей күндөп-түндөп жол жүрбөйсүң. Мисалы; экспресс деген тез жүрүүчү автобустар бар, Сеулдан Пусан шаарына чейин 700 километрдей болсо, 4 саатта жетесиң. Бул биздин Бишкек менен Баткенге баргандагы жол. Абасы нымдуу келет. Бирок бизде кандай мөмө-жемиштер бышса бул жакта бардыгы өстүрүлөт. Мени таң калдырганы корей эли аябай эмгекчил болушат экен. Алгач иштеп баштаганда көргөн көзүмө ишенбей кетчүмүн. Булар эмне роботпу, чарчашпайбы деп таң калчумун. Көрсө канча көп иштесе айлык маянасы да ошончо көтөрүлөт экен. Ар бир эмгекти баалашканы мага аябай жакты.

- Сиз иштеген жумушта кандай жеңилдиктер бар? Бир күнүңүз кандай өтөт? Бош убактыңызда эмнелер менен алектенесиз?

- Фирмада иштегендерге абдан жакшы шарт түзүлгөн. Менин иш графигим боюнча эртең менен саат 7:00дө жумуш башталат. Бир жарым саат иштегенден кийин, 8:00дө эрте мененки тамак берилет. Кайра жумушка алаксып, саат 11:00дө кофетайм, 12:30да түшкү тамак берилет. Бир саат эс алып, кайра 17:00гө чейин иштейм. Кечки тамак да бекер берилет. Жашаган жеримди фирма өзү каржылайт. Ишемби, жекшемби эс алуу күнү. Бирок мен ал күндөрү өзүмдүн жеке ишкерлигим менен алектенем. Кореядан унааларды алып, аны Кыргыз өлкөсүнө жөнөтөм. Андан тышкары карго менен да иштейм. Кимдин кандай жүгү болсо аны алып, өлкөгө жиберем. Буйрутмалар болот ошолорду алып жиберем. Башка кыргыз балдарын жумуш менен камсыз болуусуна көмөктөшөм. Кээде кыргыз балдар менен чогулуп, башка шаарларга барып эс алып келебиз.

- Сыр болбосо канча маяна аласыз? Ал жактан тапкан каражаттарыңызды кандай пайдаланасыз дегендей...?

- Бул жактан алган маянабыз вон менен эсептелинет. Канча маяна аларым сыр болуп калсын. Алдыда дагы жакшы ой-максаттар бар. Ошолорду ишке ашырууга камданып, каражат чогултуп жатам. Өз өлкөмө барганда элге пайдасы тийген жакшы иштер менен алек болгонго даярданып жүрөм. Мен негизи өз өлкөмдүн патриотумун. Алыста жүрсөм дагы өлкөдөгү окуялардан кабардар болуп турам. Шайлоо өткөндө да бул жактан өз добушумбу берип, шайлап келдим. Өйдө-ылдый окуялар да болуп кетти. Ага да бир топ жүрөк ооруп, тынчсыздандык. Мындай учурда өз өлкөңө бооруң ооруйт экен. Башкаларга салыштырып мамлекетиңдин өнүгүп-өсүүсүн каалайт экенсиң. Эгер мекениме барып, мамлекеттик жумушта иштеп калсам керек болсо бекер иштеп бергенге даярмын деген күндөрүм болду. Бирок мен ушул сөзүмдө турам. Алдыда жасай турган жумуштарымды пландап, баштап койдум. Өлкөмө барганда аны менен кошо мамлекет үчүн да иштегенге даярмын.

- Чет жерде жүргөндөр кызыктуу окуяларга бай болору айтылат...

- Ооба кызыктуу күндөр көп эле болду. Жаңы келген күндөрү бул жактын тамак-ашын жей албай беш бала болуп апам берген нан менен сары майды үч күн аябай даамын татып жегенбиз. Өзгөчө эсимде калган бир окуя жаңы иштеп баштаган күндөрдө мен лентада турчумун. Кирген товарларды бат-баттан алып таңгактап, аны кайра орнотуш керек болгон. Мен болсо жай кыймылдачумун. Анчалык бат иштеп көрө элекмин. Жетекчилер текшерип келишкенде батырак иштеп, кеткенде кайра жай иштеп коюп жүргөм. Анан бир күнү жетекчиликтен чакыруу келди. Барсам "сен жакшы иштебей жатасың" деп абдан чоң экрандан мен иштеген жерди көргөздү. Көрсө мен иштеген орунда маңдайымда көзгө жакшы көрүнбөгөн эки камера бар экен. Өзүмдүн иштегенимди көрүп абдан уялганмын.

- Тасмалардан көрүп жүргөн кореялык кыздар жашоодо да ошондой татынакай экенби? Балким ал жактан үй-бүлө күтүп калуу ойлоруңуз да бар чыгар ?

- Чындыгында кореялыктар кинодогудай эле татынакай болушат. Мен бул жактагылар менен жакын мамиледе эмесмин. Ошон үчүн көп маани бербейм. Мага кыргыздын кыздары көбүрөөк жагат.

- Кореяга барып, дегиле чет өлкөгө барып иштейм деген жаштарга кандай кеңештериңизди айтар элеңиз?

- Эң эле биринчи өзүндө ишеним күчтүү болуш керек. Ар кандай кыйынчылыктар болот, аларды жеңгенге даяр болуш керек. Албетте, тил билүү- маанилүү. Максаттар бийик болсо аракет да ошончолук күчтүү болот. Ошон үчүн чоң-чоң максаттар менен иш башташ керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан