Бүгүн, 13-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө күн тартибинде турган эки тараптуу маселелер жана эки мамлекеттин ортосундагы жакынкы келечектеги кызматташуу кадамдары талкууланды.
Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу Кыргыз мамлекетинин Казакстан менен саясий кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө чечкиндүү түрдө ниеттенгендигин түшүндүрдү.
Соңунда Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсү менен Казакстан ынак коңшу, ишеничтүү дос, стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин дагы бир жолу белгиледи.