Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында унаалар тайгаланып жүрө албай жаткан видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй унаалар тайгактан жүрө албай жолдун четине чыгып калган.
Буга чейин, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ашууларда жана капчыгайларда унаа жолдор тайгак болорун эскерткен.