Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди

Бүгүн, 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан мезгилде ал президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министрлик кызматынан кетүүгө милдеттүү.

Мындан улам, президенттин милдетин аткаруу парламенттин төрагасы Талант Мамытовго өтөт. Биринчи вице премьер-министр Артём Новиков премьер-министрдин милдетин аткарат.

Эске салсак, мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан