UFC уюмунун чемпиону, орусиялык атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов ар кандай ушак-айыңдарга карабастан эми спортко кайтып келбейт. Бул тууралуу мушкер өзү Дагестандын башчысы Сергей Меликов менен жолугушуу учурунда айтты.
Мушкердин айтымында, ал досторунун жана күйөрмандарынын нааразычылыгын түшүнөт. Достору андан эми бир жолу беттеш өткөрүүнү суранган. Бирок ал эч кандай шартта мындай кадамга барбайт. Нурмагомедов спорттон кетүү ар дайым татаал чечим экендигин, эртедир-кечтир аны кабыл алуу керектигин баса белгиледи.
Буга чейин Нурмагомедовдун менеджери Али Абдель-Азиз мушкердин сегиз бурчтукка кайтып келерин ачыктан-ачык кыйыткан.
24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.