Кыргызстанда жакыр үй-бүлөлөргө берилчү жөлөк пул жогорулайт

Кыргызстанда 2013-жылдын 1-ноябрынан баштап аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүү жакшырат. Бул тууралуу Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Министр Кудайберген Базарбаевдин Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун жашооулары менен болгон жолугушуусунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулду жогорулатуу маселеси талкууланган. “2014-жылга республикалык бюджеттин долбоорундагы тартышытыкка карабай, 640 сомго чейин көтөрөбүз”,- деди Базарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан