Финпол өлкө аймагынан 23 миллион доллар каражатын мыйзамсыз чыгарып кеткенге шектүүлөрдү кармады

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы өзгөчө ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Финполдун басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, чет мамлекеттердин аймагына товарларга төлөм деп жамынып алып, 23 миллион доллар (1 миллиард 633 миң сом) суммадагы акча каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлганы маалымдалат.

"Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз өлкөсүнүн аймагындагы аталган кылмыштуу топтун ишмердигинин натыйжасында мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 347 миллион сомдон көп өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды. Ушул жылдын 12-ноябрында акча каражаттарын чыгарууну жүзөгө ашырып келген Т.М. аттуу жаран кылмышка шектүү деп кармалды. Ал эми 14-ноябрда кармалган адамга карата 1-тергөө абагына камакка алуу түрүндө жаза чарасын колдонулду", - деп жазылат маалыматта.

Учурда иш тергелип жана аталган схемага тиешеси бар кызмат адамдар жана аталган акча каражаттардын келип чыгышы аныкталып жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан