Нуржигит Кадырбековдун "тойду шылтоо кылып, мамлекеттик иш-чарага келбей койгондорго чара көрүш керек" дегенине шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү жооп берди

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берген. Анда министр суроолорго жооп берип жатып "анча-мынча мамлекеттик иш-чарага чакырганда бүгүн тоюм бар эле дегендерди көрүп калдым, бул өтө өкүнүчтүү, эгер ушундай боло турган болсо анда чара көрүш керек" деген. Айтымында, алар мамлекетте жашап, ошол мамлекеттин наамын алып, эркиндик болгон үчүн той-топурларга барып, үй-бүлөсүн багып жатышат.

Министрдин маегинен кийин шоу-бизнестин айрым өкүлдөрү каршы пикирин жазып чыгышты. Ырчы Анжелика министрликке нааразы экенин айтып, мамлекет тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга бир да ырчы сыркоологонуна карабай калбай барарын айтат.

"Чара көргөндөй мамлекеттик кызматкер болуп айлык алып жатабызбы? Мамлекеттин же министрликтин каттоосунан тастыктоочу күбөлүк алыптырбызбы? Же маданият күнүңөр менен деп бир куттуктоо кагазын беришиптирби ушул күнгө чейин? Ырчыларды чогултуп, жыйын өткөрүлүш керек деп ойлойм. Улуу муундан, жаштардан байкоочу кеңеш түзүлсүн! Ачык иштеп, келишимге кол койдуруп, анан чараларды көрө бергиле", - деген билдирүүсүндө.

Каршы оюн билдиргендердин бири салттуу музыканын алып жүрүүчүсү Гүлнур Асанова да бар. Ал канча жылдан бери бул тармакта жүрсө да министрликтин колдоосун көрбөгөнүн жазган.

"Өнөр адамдарына чара көрөөрдөн мурда ошол мамлекеттик ишке чыгармачыл адамдарга анда-санда бөлүнүп калган (көпчүлүк учурда бекер эле катышып берет) жарыбаган гонорардан пайыз же сол чөнтөккө катып алып жаткан, өзүңүздүн кол алдыңызда иштеп жаткан, кээ бир инсандарга чара көрсөңүз туура болчудай (кааласаңыз аты-жөнүн айтканга даярмын). Ушунча жыл бул тармакта келе жатам, министрликтин бир колдоосун көргөнүм жок! Тилекке каршы, бут тосууларын баштан кечирдим (кызык болуп кетсе аны да айтып бергенге даярмын!). Маданият тармагында мындан башка өтө чоң көйгөйлөр бар. Ошолордун баарын чече албасаңыз да, айрымдарынын ишке ашып калышына себепкер болоорсуз деп ишенем! Сизге ийгилик!

Баса, той ээлерине болгон сый-урматынан улам кээде мамлекеттик иш-чарадан баш тартып калышы мүмкүнбү? Той ээлери да малекеттин жараны эмеспи? Балким жакшылыгында ошол өнөр адамын көргүсү келген чыгар (мени го тойлордон көп көрүшпөйт, болгону мен кесиптештериме карата оюмду жазууну туура көрдүм. Кээ бирлери үй-бүлөсүн ошол тойлор менен багат. Ал жагын ойлоп койсок туура болор)", - деген ал.

Мындан тышкары ырчылар Гүлнара Кахарова, Өктөм Сапар уулу дагы чара көрүүнү туура эмес деген ойлорун калтырышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан