Бардык сабактарды жакшы окуйт. Айына жетпей ара төрөлгөн бала 13 жылдан кийин (фото)

Бүгүн, 17-ноябрь ара төрөлгөн балдардын бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул дата 2009-жылы Наристелерди коргоонун Европа фондунун (EFCNI) демилгеси менен белгиленген.

Бул күндү утурлай айына жетпей ара төрөлгөн балдардын бири Айдамир жөнүндө сөз кылабыз. Айдамирдин апасы Салкын Отонбаева уулун айына жетпей көз жарганын, алгач баласынын салмагы 930 грамм болгонун, кантип кам көрүп, чоңойткону тууралуу айтып берди. Анын айтымында, алгачкы 6 ай балага өзгөчө кам көрүү зарыл.

"Балам 2007-жылы 15-январда 930 грамм салмакта төрөлгөн. Азыркы учурда балам 13 жашта. Бою 165 сантиметр. Баламды өзгөчө багып чоңойттум десем туура болот. Атайын балдарга арналган азык, нан, малютка, кашалар, пюре берип, болушунча витаминдүү тамак-аштарды, витаминдерди берип чоңойттум. Баламдын ден-соолугуна кам көрүп, ар дайым оорукана менен байланышта болуп турдум. Алгач уулум төрөлгөндө 2 ай салмагы 2 жарым килограмм болгонго чейин ооруканада жаттык. Андан соң үйгө чыктык.

Керек болгон бардык витаминдерди алып берип турдум. Кашаларга банан, алма кошуп берип жүрдүм. Ошого ылайык балам дени чың болуп чоңойду.

Айына жетпей ара төрөлгөн балдарга жылуулук керек. Бир калыптагы температурада кармаш керек. 6 айга чейин баланы ден-соолугуна өзгөчө маани берип караса, андан кийин бала бат торолуп кетет. Өзүнчө бөлмөдө кармап, ооруп калышына жол бербөө зарыл.

Азыркы учурда баламдын мектептеги жетишкендиктери абдан жакшы. Бардык сабактарды жакшы окуйт. Мугалимдери айтышат- сөз байлыгы аябай күчтүү деп. Сүрөт тартканга абдан кызыгат. Фантазиясы өтө күчтүү. Ар бир нерсени өз орду менен жарашыктуу кылып тартат", - деди Салкын Отонбаева.

Айына жетпей ара төрөлгөн бала 13 жылдан кийин

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baatirbek81
2020-11-18 02:35:17
Уулуңуздун өмүрү узун болсун ден соолук!
+4
janka7
2020-11-18 11:08:55
Менин кызым дагы ара торолгон.Азыр ал дагы жакшы окуйт.Азыр буларды эч ким айтпайт ара торолгон деп.
+1
Akyl78.1501
2020-11-18 12:04:26
Мен дагы 900 гр торолгон экенмин туулган кунум дагы 15 январь азыр 95 кг мын мени врачтар олот деп айтышкан экен мына 45 жашка чыктым. Баары аллахдан туугандар
+3
nazira...
2020-11-18 22:22:22
Ленин ара торолгон деп окугамын, ара торолгондор озу умный болушат го. Узун омур баарына.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан