Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жактоочусу Сергей Слесарев менен абактагы жолугушуусу жашыруун камерага тартылып алынган - деген видео жарыяланды. Бул тууралуу Атамбаевдин дагы бир жактоочусу Замир Жоошев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Бир ай мурун бир адам менин Facebook баракчама жазган, тилекке каршы, мен ага жакында гана жооп бере алдым. Жаран 5-октябрдан 6-октябрга караган түнкү окуялардын учурунда президенттин Ак Үйдөгү иш бөлмөсүнө кирип, ал жерден "АША - Слесарев - 42 мүнөт" деген жазуусу бар диск таап алгандыгын айткан. Эки күн мурун ал дискти мага өзүнүн коопсуздугунан коркконунан улам ким экендиги жашыруун калуу шарты менен берген. Өткөрүлүп берилген дискте экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев менен УКМКнын СИЗОсунда болгон жолугушуусун чагылдырган видео жазуу бар. Видеонун узактыгы 42 мүнөттөн ашат. Жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Шаршеновичтин оорусу (пневмония), анын козголгон кылмыш иштери жана адвокаттардын иштерди тергөөгө жана сот өндүрүшүнө байланыштуу мындан аркы аракеттери талкууланды. Андан кийин Атамбаев үй-бүлөсүнө кат жазып, жактоочусу өлкөдөгү акыркы жаңылыктарды айтып берет. Эртең Башкы прокуратурага арыз беребиз. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылабыз", - деп жазды Жоошев.