Поэтерапия: "Жолугуу буюрбаган, Жолдорду басып жүрөм"

"Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги коногу акын, журналист, бир нече китептердин автору Нуржамал Калмаматова.

Нуржамал Калмаматова 1982-жылы 15-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Көлдүк айылында жарык дүйнөгө келген. Кесиби журналист. Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 2017-жылы Бишкекте өткөн "Алтын калем" сынагынын жеңүүчүсү, 2018-жылдагы "Мыкты акын" наамынын ээси, Оштогу "Ата журтка арналган ыр" сынагында 3-даражадагы дипломунун ээси. Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын мээримдүү энеси. Учурда Ош шаарында жашап, эмгектенет.

Акындын жарык көргөн китептери: "Ырга айланган арзуулар", "Жүрөк тамырындагы от", "Жан сырым" ырлар жыйнагы.

КАЙНАГАН ТИРҮҮЛҮКТҮН БАЗАРЫНАН

Ылгайм деп ак-караны казанынан,
Чайпалдым далай түйшүк азабынан.
Антсе да ырыскымды терип жүрөм,
Кайнаган тирүүлүктүн базарынан.

Маанилүү нерселер бар, тапканымдан,
Ала албай жашообузда сатканынан.
Кадырын билип азыр ден соолуктун,
Өзгөрдүм өзүмдү ойлоп баштагыдан.

Тизилип четтен чыкса көксөгөнүм,
Заматта үмүт артып, өзгөрөмүн.
Каалаган ден соолукту таппай калсам,
Көңүлүм кыркылгандай бөксөрөмүн.

Бакытты, байлыкты да алса болот,
Акылың жетпегенден качса болот.
Кайнаган тирүүлүктүн базарынан,
Өчүрбөй жүрөк отун жакса болот.

Ден соолук бирок неге башка болот?.

Канчалык тирүүлүк деп тырмышып тиричилик деп жүгүрбөйлү, умтулбайлы денибиз сак болбосо оюң жеткен менен колуңдан эч нерсе келбей тургандан өткөн санаа жок экенин башымдан өткөрдүм. Колуңда кармап турган шыпыргыны шилтөөгө дарман келбей, оору кыйнаган учурлар менин жашоомо чоң сабак болду. Тирүүлүк өзү чоң базар экен, ал базардан бакытты, байлыкты, сүйүүнү, күлкүнү, дегеле керектүүнүн баарын сатып алса болгону менен ден соолук менен өмүрүңдү сатып алуу мүмкүн эмес экен. Ушундай ойлордон улам жаралган ыр.

СҮЙЛӨШТҮМ ӨЗҮМ МЕНЕН

Сырдашып өзүм менен,
Сүйлөштүм көзүм менен.
Кыдырып жан дүйнөмдү,
Достоштум көңүл менен.

А күзгү тиктегеним,
Табылбай издегеним.
Таңданып карап турдум,
Өзүмдү билбегеним...

Акылым алга тартат,
А оюм башка айтат...
Жүрөгүм оргуштаган,
Он сегиз жашка кайтат.

Кубанып күлгөндөймүн,
Ааламды сүйгөндөймүн.
Өмүрүм текке кетип,
Калп жашап жүргөндөймүн.

Кең жерге батпай койдум,
Мен киммин, таппай койдум.
Өзгөрө албайм, билем,
Өзүмө жакпай койдум.

А кайра шүгүр дедим,
Барыма сүйүн дедим.
Токтобой, эч токтобой,
Алдыга жүгүр дедим.

Көп нерсе ойлономун,
Тээ бийик болжогонум.
Максатка жетүү үчүн,
Умтулуп токтобоюн...

Сырдашып өзүм менен,
Сүйлөштүм көзүм менен.
Кыдырып жан дүйнөмдү,
Достоштум көңүл менен.

Досторум деле аз, көңүлүмө жакын 2-3 адам менен жакшы мамиледе достошуп, катташып жүргөнүм менен төгүлүп сырдаша бербейм. Анткени көп кыялданам, кадимкидей кыялым менен жашап, кыялым менен керемет дүйнөнү кезгендей кээде кубанып, кээде өкүнүп өзүм менен өзүм сырдашып, сүйлөшүп, кеңешип жүрө берем. Ушундай учурларда өзүмө өзүм батпай кеткенде ак кагаз менен достошуп, ичимдеги болгон бугумду сыртка ыр аркылуу берүүгө аракеттенем.

БАЙЛЫГЫМ, БАКЫТЫМ ДА БҮГҮНКҮ КҮН

Өмүрдүн ишенемин жалганына,
Баш ийбей коё албаймын жазганына.
А бирок тирүүлүктөн орун алып,
Кубанам бүгүн жашап жатканыма.

Өткөндү айландырбай көйгөйүмө,
Өкүнбөй мезгилимдин өткөнүнө.
Жайылып күн шооласы жер кучактап,
Сүйүнөм ушул күндү көргөнүмө.

Балага эне, жарга сүйүктүүмүн,
А мүмкүн дос-тууганга үлгүлүүмүн.
Аркама көз чаптырып топтогонум,
Байлыгым, бакытым да бүгүнкү күн.

Өзгөрбөй тосуп таңды ал-утурлай,
Жашаймын кандай болсом, дал ушундай.
Эртеңим элестетип алган менен,
Атабы, атпайбы да таң ушундай.

Мен үчүн асыл, кымбат, сүйүктүү күн,
Байлыгым, бакытым да бүгүнкү күн.
Билбейм, ар ким жашоого ар кандай ой жүгүртөт эмеспи. Кимдир бирөө өткөн күндөрүнө кайрылып, өтүп кеткен нерселер үчүн эле ойлонуп жашайт. Өткөн күн өттү, кетти. Ал эми дагы бири беш, он жыл алдыдагы нерселерди ойлонуп келе элек күндөрү үчүн эле санаа тартып жашагандар бар. Өткөндү ойлонобузбу, келечегибизге кам көрөбүзбү бүгүнкү күнүбүз гана маанилүү экенин, бүгүнкү күнүбүз гана барктуу экенин сезе бербейбиз. Эртең эмне болорун эч ким билбейт, андыктан бүгүнкү күн менен туура жашоо бакыт, байлык деп түшүнөм. Оюмду ырым аркылуу бергим келип жазгам.
***
Жолугуу буюрбаган,
Жолдорду басып жүрөм.
Жообу жок суроолордон,
Жашынып, качып жүрөм.
Жалынын кусалыктын,
Жылдыздай чачып жүрөм.

Эртеңим көрүнбөгөн,
Эшикти карап турам.
Эшилген сагынычты,
Ээрчитип санап улам.
Эрмектеп күтүү мени,
Эскирип барат улам...

Жайнаган күн нурундай,
Жамалың сагынамын.
Жабыккан сан ойлордун,
Жагоосун тагынамын.
Жан дүйнөм бырчаланып,
Жаңгактай чагыламын.

Жолугуу буюрбаган,
Жолдорду басып жүрөм.
Окурман жазган ырымды менин тагдырым, менин турмушумдай же өзүнүн тагдырындай кабыл алып окуган болсо анда мен кубанам. Ар бир ырым менин жан дүйнөмдүн же болбосо кыялымдын жашоосу. Эмнени кыялдансам ырым аркылуу чыгат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан