Жылына кризистик борборго 10 миң аял кайрылат

Бишкекте үй-бүлөдөгү зомбулукту жоюу боюнча улуттук форум өтөт. Максаты - зомбулуктун, эрте жана зордоп никеге туруунун алдын алуучу комитет түзүү. Социалдык өнүгүү министринин орун басары Эрик Күйкеевдин айтымында, Кыргызстандагы кыздардын үчтөн эки бөлүгү үй-бүлөлүк зомбулукка туш болушат. Бул аялдар арасындагы кылмыштуулуктун бир себеби болууда деп кошумчалады. “Жылына кризистик борборлорго 10 миңден ашык айымдар кайрылышат. Көпчүлүгү үй-бүлөдөгү зомбулуктан күйөөсүн же бирге жашаганынын зомбулугунан жабыркагандар”,- деди Күйкеев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан