Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Кырсыктын видеолору жана сүрөттөрү социалдык тармактарда тарап жатат.
Патрулдук милиция кызматынын маалыматы боюнча жол кырсыгы бүгүн, 18-ноябрь күнү саат 09:30 чамасында Лексус менен Хонда Фит жана БМВ үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен жабыркагандар жок.
Азыркы учурда кырсык болгон жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.