Дөөлөт Сыдыковдун 14 сааттан ашык манас айтканы боюнча даректүү тасма тартылат

Дөөлөт Сыдыковдун 14 сааттан ашык манас айтканы боюнча даректүү тасма тартылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган иш-чаранын уюштуруучусу Элнура Кулуева билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма "Гиннесстин рекорддор китебине" расмий катталуу үчүн тартылат.

ш-чара тууралуу даректүү тасма даярдалууда. Бул тасмада иш-чаранын башталышынан тарта аягына чейин баяндалат. Ошондой эле аталган тасмага эксперттердин пикирлери кошулат. Бул тасма англис тилине которулуп, андан кийин комиссиянын кароосуна жиберилет. Бул 3-4 айга созулат", - деп билдирди Элнура Кулуева.

Белгилей кетсек, 12-ноябрь күнү манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт убакыт бою эч тыным албай, тамчы суу ичпестен манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан