Алмазбек Атамбаев: "Криминалдардын жашоо-шарты меникинен кем эмес"
Бүгүн, 18-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум өтүүдө. Анда Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып №47 абакта жалпы камерада кармаларын айтты.
"Мен карапайым соттолгондор менен гана отурам. Жалгыз камерада кармалгандан көрө кыйла жакшы. Бирок криминалдардын турмушу, жашоо-шарты меникинен кем эмес", - деди Атамбаев.