
Бел жайлоосунда жарга түшүп кеткен унаадагы дайынсыз болуп жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн Кызыл-Туу айылынын үч жараны, Достук айыл өкмөтүнө караштуу Бел жайлоосунда Нива үлгүсүндөгү автоунаа менен жардан түшүп кеткен. "2000-жылы туулган К.Б. ошол жерден каза болгон, 1979-жылы туулган Р.К. оор жаракат алып, Майлуу-Суу шаардык ооруканасына жеткирилген, 1977-жылы туулган А.К. дайынсыз жоголгон.
18-ноябрь күнү саат 12:30да куткаруучулар А.К.нын жансыз денесин таап, жардын астынан аркан менен алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.