Жалал-Абад. Облус башчы пахтачылардын иши менен таанышты

Жалал-Абад облусунун башчысы Жусупали Торомаматов 25-сентябрь күнү Ноокен районунда иш сапары менен болду. Бул тууралу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Торомаматов Ноокен районунун пахта талаасына барып, пахта терүү иштери жана бир катар башка иштер менен таанышып чыкты. "Жалпы Ноокен районунда 760 гектар жерге пахта эгилген болсо, анын түшүмү жакшы болушуна быйыл дыйкандарга сугат сууну үзгүлтүксүз бергенибиз өбөлгө болду",- дейт облус башчы. Эскерте кетсек, дыйкандар жыл сайын пахтанын арзан сатылышын көйгөй деп келишкен. Былтыр килограммы 33,34 сом болсо, быйыл 40 сомдон болууда.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан