Борбордук шайлоо комиссиясы 5 президенттикке талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу чечим бүгүн, 19-ноябрда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, Турсунбай Бакир уулунун, Бакыт Керимбековдун, Темирлан Ормуковдун, Эрбол Токтогуловдун, Айбек Эркетаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды.
Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгилеген.