Бүгүн, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын өткөрдү. Анда ага шайлоочулардын аз келгени боюнча суроо берилди.
"Шайлоого катышкандардын саны реалдуу. Менин оюмча, мурда добуш сатып алуулар шайлоочулардын активдүүлүгүнө таасирин тийгизчү. Анализдеп көрсөк 10-15 пайыз шайлоочулардын активдүүлүгү добуш сатып алуудан таасир этчү. Андан тышкары башка факторлор бар. Бирок бул эң негизги фактор", - деди ал.