Кезексиз президенттик шайлоонун жана референдумдун болжолдуу жыйынтыгы саат 21:30да чыга баштайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү отурумдардын күн тартибинде жазылган.
Маалыматты БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова берет.
Бүгүн, 10-январда өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана референдум өтөт.
Президенттик кызматка 17 талапкер ат салышууда.
Ошону менен катар эле жарандар мамлекетти башкаруунун формасын тандайт.