Бишкекте бүгүн, 20-ноябрда "Мыкты мектеп ашпозчусу" аталышындагы сынак өтүп жатат.
Аталган сынакка ар кайсы региондон келген 5 ашпозчу "Мыкты мектеп ашпозчусу" наамы үчүн ат салышууда.
Учурда финалчылар жасаган тамактарын калыстар тобуна жана келген конокторго тааныштырып жатышат.
Сынак билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана Тамак-аш өнөр жай институту тарабынан өткөрүлүп жатат.
Эске салсак, ашпозчулардын сынагы 2019-жылдын ноябрь айында башталып, бир нече этапта өткөрүлгөн:
1) Тандоо - каалаган мектеп ашпозчуларынын баары өз кесибине кантип келгендиги жөнүндө баяндарды жөнөтүшкөн;
2) Аймактык - эң уникалдуу жана кызыктуу окуялардын 35 автору мектептин менюсу үчүн жаңы тамактын рецептин ойлоп табышты;
3) Финал - эң оригиналдуу рецепттердин 5 автору финалга чыккан.